Өзгөн районунда 43 млн сомго мектеп оңдолот

9 апреля 2024, 17:24

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Ош облусунун Өзгөн районундагы Эркин-Тоо айылындагы мектепти капиталдык оңдоп-түзөөгө тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталы жарыялады.

Мектепти оңдоого 43 млн 670 миң 109 сом жумшалат.

Тендерди утуп алган тарап 2025-жылдын III кварталына чейин мектепти оңдоп бүтүрүшү керек.