Өзгөн районунда «Кыргызтообалыгы» ишканасы ачылды

15 февраля 2024, 15:57

Ош облусунун Өзгөн районунда “Кыргызиндустрия” ААКнын дагы бир туунду ишканасы – “Кыргызтообалыгы” ЖЧКсы түзүлдү.

Ишкананын директору Кочкорбек Бектировдун айтымында, бул долбоордун негизги максаты - калкты жеткиликтүү баада ата мекендик балык менен камсыз кылуу.

“Долбоор товардык балыкка, өзгөчө асан-үсөн форелине болгон муктаждыкты канааттандыруу үчүн иштелип чыкты. Ошондой эле, келечекте жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн рынокторуна чыгууну көздөп жатабыз”, - деди ал.