Өзгөндө 137 млн сомго жаңы мектеп курулат
Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы мектеп салынат. Курулушка тендерди Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, мектеп 150 окуучуга ылайыкталган жана имарат Кара-Тарык айылында жайгашат.
Объекттин курулушуна жалпысынан 137 млн сом сарпталары пландалууда.