Жалал-Абад: Кара-Көл шаардык кеңеши 150 миң сомго iPhone 12 сатып алат

30 сентября 2021, 13:10

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши 150 миң сомго iPhone 12 Pro Max үлгүсүндөгү телефон сатып алат. Бул тууралуу билдирүү мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Телефондон сырткары шаардык кеңеш ага подставка жана рowerbank, ошондой эле микрофон алышат. Товарга жалпысынан 150 миң сом жумшалат деп айтылат маалыматта.