Жалал-Абад облусунда жаңы балдар ооруканасы ачылды

4 марта 2024, 09:45

“Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду Жалал-Абадда облустук балдар ооруканасынын жаңы имаратын салып, бардык зарыл болгон медициналык жабдуулар жана эмерек менен камсыз кылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, оорукананын ачылыш аземине Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Балдар ооруканасынын курулушу 2022-жылы башталган. Жаңы имаратта 25 койкалуу хирургиялык бөлүм, 20 койкалуу травматология бөлүмү жана кыска мөөнөттүү стационардык бөлүм бар.