Жалал-Абадда 164 млн сомго сейил бак курулат

16 февраля 2024, 10:35

Жалал-Абад шаарында Кыргызстан менен Орусиянын аймактарынын достук паркын куруу боюнча Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Антон Ветошкин макулдашууга кол койду.

Сейил бак 8 гектардан ашуун аянтты түзүп, ага 170 млн рубль сарпталат.

Сейил бактын долбоорунда коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча, парк павильондору, веложолдор, балдар аянтчалары, ролик аянтчасы, стол оюндары жана шахмат аянтчасы, ошондой эле баскетбол, кичи-футбол ойноо үчүн спорттук кластерлердин курулушу каралган.