Жалал-Абадда 27 млн сомго сейил бак оңдоп-түзөлдү

12 января 2024, 09:50

Жалал-Абад шаарынын Т. Байзаков проспектисиндеги кароосуз калган сквер реконструкцияланып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы эс алуу багынын аянты 80 сотыхты түзөт.

“Буга чейин аталган жай кароосуз калып, таштанды баскан жайга айланган. Азыркы абалына келтирүүгө жергиликтүү бюджеттен 27 млн 446 миң сом акча каражаты жумшалып, унаа токтотуучу жайлары, жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдору, түнкү жарыктандыруулары, отургучтары, фонтаны, жашыл газон жана көчөттөрү бар заманбап эс алуу багы курулду”, - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, ага 2022-жылда Баткендеги чек ара чатагында курман болгон Нурислам Карыбековдун ысымы ыйгарылды.