Жалал-Абадда 80 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди

3 февраля 2022, 16:00

Жалал-Абадда былтыр ата-энеси миграцияда жүргөн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 80 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда тизмеси аныкталган дагы 143 балага документ алуу иштери жүрүүдө.

Маалыматка ылайык, күбөлүгү жок балдар негизинен Сузак, Ноокен, Ала-Бука жана Базар-Коргон райондорунда катталган. Алардын көпчүлүгү турмуштук оор шартта жашайт.