Жалал-Абадда адамды жүзүнөн тааный турган камералар иштеп баштады

1 декабря 2023, 14:05

Жалал-Абадда адамды жүзүнөн тааный турган камералар иштей баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, ар кандай кылмыш-кырсыктардын алдын алуу максатында 48 камера орнотулуп, ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 5,5 млн сом бөлүндү.

Акылдуу камералар калаанын эл көп жүргөн жерлерине, көчөлөрдүн кесилиштерине коюлду.