Жалал-Абадда битум чыгаруучу завод курулууда

12 декабря 2023, 10:53

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бензин жана битум чыгаруучу завод курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкана чет элдик инвесторлор тарабынан курулууда.

"Долбоорго Барпы айыл өкмөтүнөн 2 гектар жер бөлүнгөн. Ишкана АИ-92 жана АИ-95 бензиндерин чыгарып, битум чыгарат", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, бул ишкана 2023-жылдын аягына чейин ишке кирери күтүлүүдө.