Жалал-Абадда күн электр станциясын куруу пландалууда

12 декабря 2023, 09:50

Жалал-Абадда күн электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Объект болжол менен Базар-Коргон районунда курулат. Келечектеги электр станциясынын кубаттуулугу 200 мегаватт болот.

Долбоордун ишке ашырылышын Венгриядан келген инвесторлор изилдеп жатышат. Өз кезегинде жергиликтүү бийлик аларга бардык шарттарды түзүп берүүнү убада кылууда.