Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган 150гө жакын үй-бүлө көчүрүлдү

31 января 2024, 12:30

Былтыр Жалал-Абад облусундагы кооптуу аймакта жашаган 144 үй-бүлө көчүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.

Ошондой эле сел, суу ташкындарынын алдын алуу, жээк бекемдөө жумуштары аткарылган.

Белгиленгендей, быйыл көчкү коркунучу бар аймактарда жашаган 1 миң 67 үй-бүлөнү көчүрүү иштери жанданат.