Жалал-Абадда бир жашка чыкпай чарчап калган наристелердин саны өсүүдө

23 августа 2021, 15:00

Жалал-Абад облусу боюнча бир жашка чыкпай чарчап калган нарсителердин саны былтыркы жылга салыштырмалуу 20 учурга көбөйгөн. Быйыл алты ай аралыгында эле 192 наристе бир жашка чыкпай чарчап калган. ​Бул тууралуу “Акчабарга” Жалал-Абад облустук статистика башкармалыгынан билдиришти.

Алардын ичинен энесинин курсагында (перинаталдык мезилде) пайда болгон оорулардан 111 наристе көз жумган.

Жалал-Абад облусу боюнча быйылкы жылдын алты айында 13 миң 719 ымыркай төрөлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алардын саны 45ке азайган.