Жалал-Абадда 20 млн сомго жаңы базар курулат
Жалал-Абадда жаңы базар курулат. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, долбоордук-сметалык документацияны даярдоого сынак жарыяланды.
Бул максатта 20 миллион сом багытталат.
Муниципалдык ачык базар “Телтору” ипподромунун аймагында орун алат. Андан тышкары, Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионун 48 миллион сомго оңдоо, Абдырахманов көчөсүн калыбына келтирүү иштери пландалууда.