Жалал-Абадда жети адам күйдүргүгө шектелип ооруканага жаткырылды

10 сентября 2021, 13:10

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айылында жети адам күйдүргүгө (сибирь жарасы) күмөндөлүп райондук аймактык ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу “Акчабарга” Аксы райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы Жолдошбек Абсаматов билдирди.

Анын айтымында, ооруканага түшкөн жети бейтаптын экөөнүн анализинен сибирь жарасы аныкталды. Ал эми калган бешөө учурда бир нече анализдерден өтүү үчүн ооруканада жатышат.

Алардын баарынын абалы орто экени маалым болду.