Жалал-Абадда жолгире жогорулады

25 августа 2021, 15:00

Жалал-Абад шаарында автобустар үчүн жол акы он сомго көтөрүлдү. Бул тууралуу “Акчабарга” Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу муниципалдык автобазанын жетекчиси Искендер Мейманкулов билдирди.

“Буга чейин жол кире акысы беш сом болгон. Ал эми пенсионерлерге жана мектеп окуучуларына жол кире акысыз. Күйүүчү май кымбаттагандыктан ишканага да айдоочуларга да тапкан каражаты жетпей калды. Биз Жалал-Абад шаардык кеңешке кайрылып, жол кире баасын сегиз сомго көтөрүү сунушун киргиздик. Депутаттардын эл менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жол акы 10 сомго көтөрүлдү”, - деди Мейманкулов.

Ал эми тарифтин жогорулашы менен муниципалдык ишкана автобазанын техникалык абалын жакшыртууну көздөөдө. Ал үчүн Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна кошумча долбоор жазышкан. Долбоор колдоого алынса беш жаңы автобус алынаары айтылды.