Жалпы республикалык тестирлөөгө 47 миңден ашык абитуриент катышат

12 мая 2023, 09:45

Жалпы республикалык тестирлөөгө 47 миңден ашык абитуриент катышат. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖРТнын биринчи этабы 20-21-майда, экинчиси 23-24-майда өтсө, акыркысы 23-24-июнда болот.

Республика боюнча жалпысынан 117 тест борбору уюштурулат.

Белгилеп кетсек, жогорку окуу жайларга абитуриенттер бир гана Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты менен кабыл алынат.