Жапаров өкмөт мүчөлөрү менен өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды талкуулады

28 марта 2022, 14:35

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-мартта, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кеңешмеде өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал талкууланды.
Тагыраагы, Садыр Жапаров кризиске каршы чаралардын планын, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана башка социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.