Жапония Баткендеги мектеп-интернатын оңдоого 12,5 миң доллар берет

15 марта 2024, 17:34

Баткен облусунун Раззаков шаарындагы №1 мектеп-интернатынын жылуулук системасын реконструкциялоого Жапония грант берет. Бул тууралуу Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Белгиленгендей, Жапония өкмөтүнүн “Чөп тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында Раззаков шаарындагы №1 мектеп-интернатынын жылуулук системасын реконструкциялоо долбоору” боюнча гранттык келишимге кол коюлду.

Бул долбоордун алкагында жалпы суммасы 12 миң 594 долларга Раззаков шаарындагы №1 мектеп-интернатынын жылытуу системасы реконструкцияланат.

Гранттык келишимге Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидеки менен Раззаков шаарынын мэри Чыңгызбек Рысов кол коюшту.