Жети айда Кыргызстандан чет өлкөгө дээрлик 287 млн доллар которулду

18 сентября 2023, 11:40

Ушул жылдын январынан июлга чейин Кыргызстандан чет өлкөгө 286 миллион 830 миң доллар которулду. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында камтылган.

Кеп жеке жактардын акча которуу системасы аркылуу аткарылган транзакциялар тууралуу болуп жатат. Каражат ар кандай валюталар менен жөнөтүлөт, бирок эсептегенде доллар эквивалентинде көрсөтүлөт.

Ошол эле учурда Кыргызстанга агылган акчанын суммасы алда канча көп, тагыраагы, жети айда өлкөгө чет мамлекеттерден 1,1 миллиард доллар келген.