ЖЭБдеги аварияда келтирилген зыян болжол менен 69 млн сомду түздү

12 апреля 2024, 10:15

Жылуулук электр борборундагы авариялык кырдаалдан улам келтирилген чыгымдын алдын ала суммасы 69 млн 630 миң сомду түздү. Бул тууралуу Бишкек Жылуулук электр борборунун директору Алпбек Садыров маалымат жыйынында билдирди.

Садыровдун айтымында, бул суммага борбордогу ЖЭБтин бузулган жабдууларына жана өндүрүштүк имараттарына келтирилген зыяндар кирет.

Эскерте кетсек, 2-февралда саат 03.00дө ЖЭБте авария болуп, анын кесепетинен жабдуулар иштен чыккан.