ЖЭБдеги кырсыктан улам айрым райондордо жылуулук болбойт

2 февраля 2024, 11:20

Жылуулук борбордогу кырсыктан улам Бишкектин 12, 11, 6, 7, 3, 5 кичи райондоруна, 8-кичи райондун бир бөлүгүнө, “Улан”, “Көк жар” кичи райондоруна жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, борбор калаанын абоненттерине ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

Белгилеп кетсек, 2-февралда таңкы саат 03:00 чамасында Бишкектеги ЖЭБде авария болду. Андан эки адам оор жаракат алып, жандандыруу бөлүмүндө жатат.