Жеке медициналык клиникаларды текшерүү иштери уланат

27 декабря 2023, 16:28

2024-жылдын 15-январынан баштап медициналык ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензиясы жок жеке медициналык клиникалар кайра текшериле баштайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Мындан тышкары, жеке менчик бала бакчалардын жана мектептердин санитардык талаптарга жооп берип-бербестиги текшерилет.

Ошондой эле, коомдук тамактануу жайларында санитардык китептердин бар-жогу жана санитардык нормалардын сакталышы боюнча текшерүүлөр пландалууда.