ЖК: Кайра шайлоого талапкерлер өнөктүк үчүн 10 млн сомдон ашык акча сарптабашы керек

24 января 2022, 16:00

Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоого катышып жаткан талапкерлер өнөктүк үчүн 10 млн сомдон ашык акча сарптабашы керек.

Боршайкомдон билдиришкендей, шайлоо фонддору талапкердин өзүнүн каражаттарынан же юридикалык жана жеке тараптардын ыктыярдуу төлөмдөрүнүн эсебинен түзүлүшү кажет.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февраль күнү кайра шайлоо өтөт. Ага катышуу үчүн кырктан ашык талапкерден арыз түштү.