ЖК комитети министрликке Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин жактырды

26 апреля 2022, 13:55

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин карап, аны дайындоого макулдук берди. Чечим парламенттин кароосуна жөнөтүлдү.

Жээнбек Кулубаев 22-апрелде тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал эми ага чейин президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.