ЖК желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

29 ноября 2023, 12:40

Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берди.

Эгер мыйзам үч окууда тең кабыл алынса, желектеги толкундуу күн нурлары түз болуп өзгөртүлөт. Бирок коомчулуктун басымдуу бөлүгү бул демилгеге каршы.

Документтин авторлорунун бири төрага Нурланбек Шакиев туу өзгөртүлсө, бюджеттен каражат кетпей турганын, анын чыгымын демөөрчүлөр көтөрөрүн билдирди.