Жогорку Кеңештин депутаттары эртең «Кумтөргө» барат

18 апреля 2022, 13:15

Эртең, 19-апрелде Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин көчмө жыйыны Ысык-Көл облусундагы «Кумтөр» алтын кенинде өтөт. Бул тууралуу бизге өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка ылайык, эл өкүлдөрү алтын кендин учурдагы абалы менен таанышат. Анын алкагында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова менен “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинг компаниянын төрагасы Тенгиз Бөлтүрүк баяндама жасайт.