Жумуш издейм: англис тилин билгендерге эң көп төлөнөт

7 ноября 2023, 11:30

“Head Hunter” веб-сайтында учурда "Күндүн бош орундары" бөлүмүндө 14 жумуш сунушталууда. Талапкерлерге орточо эсеп менен 13 миң сомдон 90 миң сомго чейин маяна берилери белгиленген.

Эң жогорку маяна англис тилин билген кызматкерлерге (300 доллардан 1 миң долларга чейин) төлөнөрү убада кылынган. Ошондой эле, англис тил мугалимдерине жана официанттарга 80 миң сомго чейин маяна сунушталат. Ал үчүн мугалим англис тилин жакшы билиши керек, ал эми официанттын премиум ресторандарда иштеген тажрыйбасы болушу зарыл.

Ал эми эң аз айлык байланыш борборлорунун операторлоруна - минималдуу 13 миң 800 сомго жумуштар сунушталган. Бирок кызматкер жакшы жыйынтык көрсөтсө, иш берүүчү айлыкты 35 миң сомго чейин көбөйтүүгө даяр экендиги белгиленген.