Жыл башынан бери 1,4 млрд сомго техника лизингге берилди

9 апреля 2024, 16:30

Кыргызстанда жыл башынан 1,4 млрд сомго 282 айыл чарба техникасы лизингге берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, техникаларды лизингге берүү башталган 2011-жылдан бери жалпы 15 млрд сомго 6 миң 196 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди.