Жыл башынан бери каржы пирамидалары боюнча дээрлик 600 кылмыш иши козголду

12 апреля 2022, 15:25

Кыргызстанда жыл башынан бери Кыргызстанда каржы пирамидаларын уюштуруу фактылары боюнча 577 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иштер боюнча элге келтирилген жалпы материалдык чыгым 156 миллион 225 миң 657 сомду же 27 миң доллардан ашык сумманы түздү. Анын бүгүнкү күнгө чейин 130 миң 450 сому гана кайтарылган.

Зыяндын ордун толтуруу маселеси алдамчылар кылмыштуу кирешелерди жашырууга же мыйзамдаштырууга аракет кылып жатканы менен байланыштуу.