Жыл башынан бери Кыргызстанда дээрлик 84 миң бала төрөлдү

25 августа 2023, 12:15

Жыл башынан бери Кыргызстанда дээрлик 84 миң бала төрөлдү. Санариптик өнүктүрүү министрлиги ымыркайларга эң көп коюлган ысымдар жана төрөлгөн балдардын саны тууралуу айтып берди.

Маалыматка ылайык, 1-августка карата Кыргызстанда 83 миң 804 бала төрөлгөн.

Ал эми өткөн 8 айда кыздар арасында Салиха – 2 миң 262 жолу коюлган, балдарга болсо Мухаммад деген ысым – 3 миң 346 жолу берилген.