Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 4 пайызга өстү

12 октября 2023, 10:10

Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 4 пайызга өстү. Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Назира Керималива билдиргендей, өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү алдын ала баалаганда 808 млрд сомду түздү.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ИДПнын көлөмү 4,2 пайызга өскөн.

Белгиленгендей, көрсөткүч тейлөө тармагы, өнөр жай, айыл чарбасынын үлүшү, курулуш тармактары менен камсыздалган.