Жыл башынан бери Кытайдан 4 миң 85 унаа импорттолду

25 сентября 2023, 09:20

Жыл башынан бери Кытайдан Кыргызстанга 4 миң 85 унаа импорттолду. "Тазабек" порталынын маалыматына караганда, бул эки жыл мурунку көрсөткүчтөн дээрлик 6,5 эсе көп.

Бул аралыкта Кытайдан ташылган автоунаалардын баасы да 79% кымбаттаган.

Улуттук статистикалык комитеттин билдиришинче, Кыргызстан электромобил импортунун көлөмүн көбөйтүп, унаалардын басымдуу бөлүгүн Кытайдан алып келген.