Жыл башынан бери өлкөдө күрүч 50%дан ашык кымбаттады

8 ноября 2023, 17:15

Жыл башынан бери Кыргызстанда күрүчтүн баасы 50%дан ашык кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин баяндамасында жазылат.

Тагыраагы, 2-январда күрүч 93,9 сом болсо, 2-ноябрда 143,6 сомго чыкты. Жыл башынан бери баалар 52,9%га өскөн.

Бүгүнкү күндө эң кымбат күрүч Кара-Сууда 188 сомдон сатылууда, Караколдо 175,5 сом жана Ноокатта 170,7 сомго бааланууда. Ал эми Өзгөн жана Токмок шаарларында күрүч эң арзан баада сатылууда.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан күрүчтү беш өлкөгө экспорттоп, 13 өлкөдөн импорттойт.