Бир жылда Кыргызстанда өсүмдүк майы дээрлик 30 сомго арзандады

25 сентября 2023, 12:15

Бир жылда Кыргызстанда өсүмдүк майы дээрлик 30 сомго арзандады​. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, ушул жылдын январынан июль айына чейин өлкөгө дээрлик 21,5 миң тонна күн карама майы 2 миллиард 64 миллион сомго импорттолгон. Бир килограммдын орточо баасы дээрлик 96 сомду түздү.

Өткөн жылдын ушул мезгилинде 2 миллиард 859 миллион сомго 22 миң 750 тоннадан ашык май импорттолгон. Анда килограммдын орточо баасы 125,5 сомдон жогору болгон, башкача айтканда, дээрлик 30 сомго кымбат болчу.