Жылдык жүгүртүүсү 15 млн сомдон ашпаган ишкерлер салыктан бошотулат
Кыргызстанда жылдык жүгүртүүсү 15 миллион сомдон ашпаган ишкерлер салыктардан бошотулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Өлкө башчы эске салгандай, буга чейин мындай жеңилдиктер жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган ишкерлерге берилип келген. Бирок анализдин жыйынтыгы менен өлкөдө көрсөткүчү бул суммадан ашкан соодагерлердин саны көп экени аныкталды. Андыктан, бийлик босогону 15 миллионго көтөрүүнү чечти.
"Өзгөртүүлөрдүн башкы максаты – ишкерликти жаңы баштагандарга колдоо көрсөтүү", — деди Жапаров.