Жылдын 11 айында 660 чакырым жолго асфальт төшөлдү

6 декабря 2023, 14:15

Кыргызстанда жылдын 11 айында 660 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, план ашыгы менен аткарылды.

Министр белгилегендей, казынадан бөлүнгөн каражаттын көбөйүшү менен жолдор насыя, чет элдик компаниялардын жардамы менен гана эмес, ата мекендик ишканалар тарабынан да курула баштады.

"Алсак, Ош-Баткен-Раззаков, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолдорунун курулушу мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашууда", - деди чиновник.