2019-жылы зыянкеч жырткыч жаныбарларды кармагандарга 5,5 млн сом сый акы төлөнгөн

5 марта 2020, 11:30

Өткөн жылы Кыргызстанда 2 миң 217 зыянкеч жырткыч жаныбар кармалып, дээрлик 5,5 млн сом сый акы төлөнгөн. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Надырбек Козубаев билдирди.

Ал белгилегендей, кармалган жырткычтардын ичинен 633 башы карышкыр, 28и бөлтүрүк, 1 миң 566 башы чөөлөр.

«Зыянкеч жырткыч жаныбарларды кармалгандыгы үчүн 5 млн 420 миң сом сый акы төлөнгөн. Алардын 3 млн 35 миң сому карышкыр, 54 миң сому бөлтүрүк, 2 млн 330 миң сому чөөлөр үчүн төлөнгөн», - деди ал.