КНА: Апрелде бензиндин баасы 6%га кымбатташы мүмкүн

05.04.2021, 13:15 Акчабар
КНА: Апрелде бензиндин баасы 6%га кымбатташы мүмкүн

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы 6-9%га көтөрүлүшүн болжолдоодо.

Алардын маалыматы боюнча, мунайга болгон дүйнөлүк баанын өсүшү 2021-жылы 2-апрелге карата маалыматка ылайык, Brent маркасындагы мунайдын баасы дээрлик 65 долларды түздү. Мындан тышкары, россиянын мунай базарларындагы мунайзаттарга болгон баага ылайык, КММнын дүң баасынын көтөрүлгөнү да байкалат.

КНА жергиликтүү май куюучу жайларда акыркы баалардын көтөрүлүшүн шарттаган кошумча фактор сомдун АКШ долларына карата олуттуу девальвациясы болгонун белгиледи, анткени дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, мунайды кайра иштетүүчү заводдордон мунай заттарын сатып алуу эл аралык валюта менен, ал эми Кыргызстандын аймагында сатуу – кыргыз сому менен жүргүзүлөт.

«Жогорудагы кырдаалды эске алуу менен апрель айынын аралыгында Кыргызстандын КММ базарларында бензин тобуна 6%, дизель отунга 9%га чейин кымбатташы мүмкүн. Муну менен катар нефтетрейдерлер компаниялары баалардын өсүүсүн текшилөө жана кескин өзгөрүүлөргө жол бербөө саясатын улантат»,-деп айтылат билдирүүдө.

Тэги: мунай баасы ассоциация күйүүчү-майлоочу май

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть