Арзыбек Кожошев Дубайда жумушчу сапары менен жүрөт

29.03.2022, 12:13 Акчабар
Арзыбек Кожошев Дубайда жумушчу сапары менен жүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев 28-марттан тарта Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин 8-кеңешмесине катышуу алкагында Дубай (Бириккен Араб Эмираты) шаарында жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жумушчу сапардын алкагында Кожошев Бириккен Араб Эмиратынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кожошев Бириккен Араб Эмиратынын энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль-Мазруи менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Тактап айтканда, Кожошев эки өлкө ортосундагы саясий кызматташтык ырааттуу өнүгүп жаткандыгын белгилеп, эки өлкө ортосундагы эки тараптуу мамилелер мындан ары да чыңдалаарына ишеним билдирди.

Тэги: Арзыбек Кожошев Дубай шаары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть