«Аскер курулуш» ишканасы мамлекетке 2,5 млн сомдон ашык зыян келтирген

05.03.2021, 11:45 Акчабар
«Аскер курулуш» ишканасы мамлекетке 2,5 млн сомдон ашык зыян келтирген

«Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасы мамлекетке 2,5 млн сомдон ашык зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы тарабынан «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарынын коронавирус инфекциясынын алкагында «Ганси» техникалык колдоо борборунун имараттарын жана курулуштарын дарылоо-обсервациялык пунктуна кайрадан жабдууга бөлүнгөн бюджеттик акча каражаттарын өз пайдаларына сиңирип алган фактысы аныкталды.

Текшерүүдө белгилүү болгондой, «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары курулуш иштерин жүргүзүүдө айрым курулуш ишканалары менен жең ичине сүйлөшүп аткарылган иштердин көлөмүн негизсиз жогорулатып, колдонулган материалдардын жана жабдуулардын баасын атайлап кымбаттатып, аткарган иштери жөнүндөгү актыларга бир эле иштин түрүн кайталап көрсөтүүгө жол беришкендигинин натыйжасында мамлекетке 2 млн 500 миң сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча текшерүүнүн материалдары Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Тэги: Аскер прокуратурасы Аскер курулуш млн сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть