AstraZeneca вакцинасы менен эмделген Жалал-Абаддагы 44 аскердин абалы айтылды

06.08.2021, 16:30 Акчабар
AstraZeneca вакцинасы менен эмделген Жалал-Абаддагы 44 аскердин абалы айтылды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аскердик бөлүгүндөгү 90 аскер кызматкери AstraZeneca вакцинасы менен эмделгенден сегиз саат өтүп айрымдары өздөрүн жаман сезе башташкан. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыккан.

Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу мамлекеттик санитардык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Рома Ураимов окуя боюнча "Акчабарга" төмөнкүлөрдү билдирди.

“Ала-Букадагы аскер бөлүктүн 90 аскери 4-август күнү саат 10дон түшкү экиге чейин эмдөөдөн өтүшкөн. Алардын ичинен 44ү сегиз сааттан кийин өздөрүн жаман сезе башташкан. 40 аскер температура болуп, төртөөнүн абалы начарлаган. Учурда 44 адамдын абалы орто, алар аскер бөлүктөгү дарыгерлердин көзөмөлүндө”,- деди Ураимов.

Эске салсак, AstraZeneca вакцинасы менен Жалал-Абад облусунун тургундары 3-августтан тарта эмделе баштаган. Бүгүнкү күндө 211 адам эмдөөдөн өткөн.

Тэги: аскерлер эмдөө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть