«Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ЖЧКсынын расмий билдирүүсү

18.02.2020, 09:20 Акчабар
«Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ЖЧКсынын расмий билдирүүсү

«Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ЖЧКсынын расмий билдирүүсү

Ат-Башы районундагы индустриалдык-соода-логистикалык борбордун (мындан ары- Логистикалык борбор) курулушуна биз 280 млн АКШ долларын салууну пландап жатканбыз. Бул каражаттар компаниянын жеке ресурстарынын эсебинен бөлүнүп жаткан жана бул инвестициялар боюнча Кыргызстандын өкмөтү бизге эч кандай кепилдик берген эмес жана бардык тобокелдиктерди компания өз мойнуна алган. Өлкө бийлиги менен сүйлөшүүлөр учурунда биз объекттин курулуш планы бузулган шартта «Нарын» ЭЭА администрациясы бир жактуу түрдө келишимди жокко чыгаруу укугуна ээ болсун деген шартка да макул болдук. Логистикалык борбордун курулушунун жүрүшүндө жана ал иштеп баштаганда орто эсеп менен эле алганда 15 миңден кем эмес жумушчу талап кылынган, ал эми ар түрдүү деңгээлдеги бюджеттерге алгачкы 8 жылда салык жана эмгек акылар чегерүүлөр түрүндө бир нече миллиард сом түшмөк.

Компаниянын кадр кызматы өзүнүн социалдык жоопкерчилигин түшүнүп, жергиликтүү жаштардын арасынан талап кылынган адистерди даярдоону уюштуруу планын, ошондой эле чет өлкөлүк ЖОЖдорго окууга жөнөтүү үчүн ат-башылык кыз-жигиттердин тизмесин түзүп жатышкан. Алар биздин компаниянын эсебинен заманбап кесиптерге окутулмак. Биздин буйрутмаларды аткарууга жергиликтүү курулуш компаниялары жана курулуш материалдарды ташуучулар даярданып жатышкан.

Акыркы бир нече айда биз Россия, Беларусь, Бириккен Араб Эмираттарынын, Түркиянын жана башка европа жана азия өлкөлөрүнүн ири компаниялары менен Логистикалык борбордун аймагына заманбап, жогорку технологиялык, экологиялык өндүрүштөрдү алып келүү боюнча алдын ала макулдашууларды жүргүзүп жаттык. Жакынкы мезгилде бир катар компаниялардын өкүлдөрүн тосуп алмакпыз, алар Ат-Башы районуна барышмак. Тилекке каршы, Ат-Башы районунун жашоочуларынын арасында долбоорго карата терс мамиле түзүлүп, каршылык акциялар өткөрүлдү. Жергиликтүү элдин бир бөлүгү Логистикалык борбордун курулушуна каршы чыгып жатканда биз узак мөөнөттүү долбоордун үстүндө иштөөгө мүмкүн эмес деп эсептейбиз жана долбоорду жабуу чечимин кабыл алууга мажбурбуз.

Компаниянын жетекчилиги Кыргызстандын өкмөтүнө уюштуруу маселелерин чечүүдө бизге ар тараптуу жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Тэги: Ат-Башы логистикалык борбор келишим

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть