Августта ID-карттын баасы кымбаттайт

19.06.2020, 15:15 Акчабар
Августта ID-карттын баасы кымбаттайт

Кыргызстанда август айынан тарта ID-карттын баасы кымбаттайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди.

«2017-жылы санариптештирүүнүн алкагында жаңы ID-карттар (биометрикалык паспорт) бериле баштаган. Алардын жалпы көлөмү 3 миллионго жакын болчу. Анын 1,7 миллон бланкы акысыз келген. Мурда ID-карттын баасы 263 сом болчу − персонификация үчүн. Биз 1,7 миллион паспортту берип бүттүк. Эми 1,1 млн бланк калды. Алар үчүн акы алынат. Башкача айтканда 263 сомго бланктын наркын кошкондо паспорттун баасы 500 сомдун тегерегинде болот. Ал КМШ өлкөлөрдүн ичинде эң арзан деп эсептелет», — деди ал.

Ошол эле учурда анын айтымында, ID-картты жана чет элдик паспортту тез алуу үчүн баалар арзандаган.

«Мурда ID-картты тез – 3 саатта алуунун баасы 935 сом болсо, азыр ал 652 сомду түздү. Мурда жалпы жарандык паспортту тез алуу үчүн 2 миң сом төлөнсө, учурда ал 1 миң 748 сом болду», - деди ал.

Тэги: август ID-карт баа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть