Быйыл автобазарлар үчүн олуттуу төмөндөө болду

28.08.2020, 16:40 Акчабар
Быйыл автобазарлар үчүн олуттуу төмөндөө болду

Пандемияга байланыштуу 2020-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөнүн бардык автобазарлары олуттуу төмөндөөгө учурайт. Бул тууралуу ЕАЭБдин экономикалык интеграциялык изилдөөсүндө айтылат.

Батыш Европа, АКШ жана Кытайдагы ири өндүрүүчү компаниялардын кризиске учурашынан улам автомобиль өнөр жайы оор жоготууга кабылды.

Мунун башкы себеби болуп автоунаага болгон суроо-талаптын төмөндөшү болгон. Себеби, автоунаага чоң инвестиция жумшалгандыктан көпчүлүк эл кризис маалында мындай ири суммадагы сатып алууларды токтотуп турушат.

Кошумчалай кетсек, унаа тармагы экономикага түздөн-түз байлануу болгондуктан, кризис маалында алгачкылардан болуп оор төмөндөөгө учураган. Бул бир гана суроо-талаптын төмөндөшүнөн эмес, чек аралар жабылгандыктан жеткирүү кыйынчылыгынан дагы болгон.

Тэги: унаа тармагы базар автобазар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть