Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн өкмөттөн 2881,7 тонна биринчи сорттогу ун бөлүндү

10.04.2020, 16:30 Акчабар
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн өкмөттөн 2881,7 тонна биринчи сорттогу ун бөлүндү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы менен Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн ун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 10-апрелге карата дагы 2881,7 тонна биринчи сорттогу ун бөлдү.

Жалпысынан Ош облусуна 831,85 тонна ун бөлүнсө, анын ичинен өзгөчө абал режими киргизилген Ноокат районуна 401,85 тонна, 140 тонна Кара-Суу районуна берилди. Жалал-Абад облусуна – 891,85 тонна, анын 456,25 тоннасы Сузак районуна бөлүндү. Баткен облусу – 117,2 тонна; Ысык-Көл – 267,6 тонна; Нарын – 186,5; Чүй – 136,4 тонна ун бөлүндү.

Бөлүнгөн ундардын 130 тоннасы коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн өзгөчө абал режими киргизилген Ош шаарына, ал эми Бишкекке 320 тонна, Жалал-Абад шаарына 33,1 тонна ун берилди.

«Ундар атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде жардамга чындыгында муктаж болгон калктын аярлуу катмарына таратылып жатат. Ал эми бөлүштүрүү аракети өзгөчө абалдын талабын сактоо менен жүргүзүлүүдө. Учурда кампада ундар жетиштүү», — деп жазылат маалыматта.

Тэги: Ун Өкмөт жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть