Азия өнүктүрүү банкы Тажикстанга 50 млн доллар грант берет

11.12.2020, 13:05 Акчабар
Азия өнүктүрүү банкы Тажикстанга 50 млн доллар грант берет

Азия өнүктүрүү банкы Тажикстандагы финансы тутумун жана фискалдык башкарууну жакшыртыш үчүн 50 млн доллар өлчөмүндөгү грант берет. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат.

Башкы реформалардын бири катары калктын банк системасына болгон ишенимди жакшыртуу, Тажикстандын Улуттук банкынын жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана финансылык стабилдуулүктү башкаруу, камсыздандыруу индустриясындагы атаандаштыкты жогорулатуу жана исламдык каржылоону жогорулатуу болуп саналат.

Кошумчалай кетсек, бөлүнгөн грант аркылуу Тажикстан, Финансы министрлигинин мамлекеттик ишканаларга болгон көзөмөлүн жана отчеттуулукту жогорулата алат.

Тэги: Азия өнүктүрүү банкы Тажикстан финансы тутуму

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть