Чек арадан 909, 4 миң сомго кургатылган жемишти мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылышкан

18.09.2019, 10:55 Акчабар
Чек арадан 909, 4 миң сомго кургатылган жемишти мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылышкан

Бажы кызматкерлери тарабынан жалпы суммасы 909 миң 400 сомго мыйзамсыз ташылып келе жаткан кургатылган жемиштердин түрүн кармашты. Бул тууралуу аталган комитеттин басма ссөз катчысы билдирет.

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан ОШ шаарында Кыргыз Республикасынын жараны Т.Н.Снын башкаруусундагы “МАН 12232” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 2640 килограмм мейиз, 490 килограмм кургатылган өрүк жана 3840 килограмм компот аралаштырмасы табылган.

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы наркы 909 400 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Тэги: Бажы КР Ош мыйзамсыз кургатылган жемиш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть