Бакетаев Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен жолугушту

04.03.2022, 18:10 Акчабар
Бакетаев Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен жолугушту

Финансы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Банктын энергетика тармагындагы реформаны ишке ашырууга көрсөткөн колдоосу жана аны реабилитациялоо маселеси талкууланды. Дүйнөлүк банктын командасы кыргыз тарапты энергетика тармагында, өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртууда жана башка бир катар стратегиялык иш-чараларда кызматташууга жана жардам берүүгө ишендирди.

Негизги тема үстүбүздөгү жылдын 22-апрелине белгиленген жазгы жолугушуулар болду, анда Кыргызстандын делегациясы дүйнөлүк аренада өлкөнүн өнүгүү артыкчылыктарын көрсөтө алат. Мындан тышкары, тараптар “2022-2024-финансы жылына кредиттөө программасынын” алкагында артыкчылыктуу долбоорлорду талкуулашты

Тэги: финансы министри дүйнөлүк банк реабилитациялоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть