Ысык-Көл облусунун ыйгарымдуу өкүлү Балбак Түлөбаев кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу официалдуу түрдө билдирди.
«Рахмат. Моралдык укугум жок», - деп билдирүү калтырган Түлөбаев.
Эске сала кетсек, Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусунун ыйгарымдуу өкүлү болуп, ушул жылдын 27-июлунда дайындалган.